ABN24 тиркемесин жүктөп алуу үчүн камераңызды QR кодуна багыттаңыз
»
Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты

«АБН» «МФК» ААКнун «ABN24» тиркемесин колдонууда

1.   ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

1.1.  Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Купуялуулук саясаты) «АБН» «МФК» ААК (мындан ары – Компания) «ABN24» (мындан ары – Тиркеме) тиркемесинин кызмат көрсөтүүлөр сервисин колдонууда жана колдонуп жаткан учурда колдонуучулардан алган бардык маалыматтарга карата пайдаланылат.

1.2.  Ушул Купуялуулук Саясатында төмөнкү терминдер пайдаланылат:

1.2.1. «Жеке маалыматтар» - кандай болбосун маалыматтар, тиркемени пайдалануучу аныкталган же аныкталуучу жеке жакка түздөн-түз же кыйыр тийиштүү болгон маалыматтар.

1.2.2. «Жеке маалыматтарды иштетүү» - жеке маалыматтар бар автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдаланбастан жасалуучу кандай болбосун иш-аракет (операция) же иш-аракеттер жыйындысы, анын ичинде жекече маалыматтарды чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаӊылоо, өзгөртүү), алып чыгуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (жайылтуу, берүү, жеткиликтүүлүк), жаксыздандыруу, блоктоо, алып салуу, жок кылуу.

1.2.3. «Жеке маалыматтардын купуялуулугу» - жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз алардын жайылтылышына же мыйзамдуу башка негиздин болушуна жол бербөөнү Компания сактоосу үчүн милдеттүү талап.

1.2.4. «Жалпы жеткиликтүү жеке маалыматтар» – бул аларга жеткиликтүүлүк мыйзамдар тарабынан чектелбеген жана жалпы пайдалануу үчүн багытталган жеке маалыматтар.

1.2.5.  «Кардар» – 21 (жыйырма бир) жаш куракка жеткен, укукка жөндөмдүү жана ишке жөндөмдүү, Тиркемеге кирүүдө баштапкы катталууда Келишимди Компаниянын Офертасына акцептөөчү жеке жак.

1.3.  Офертанын келишимин акцептөө жана Тиркемеде көрсөтүлүүчү кызматтарды Кардардын пайдаланышы ушул Саясат жана Компаниянын Оферта Келишими менен белгиленген  шарттарга ылайык Кардардын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу боюнча Компаниянын укуктарын берүүгө толук жана кынтыксыз макулдугун туюндурат.

1.4.  Ушул Купуялуулук саясатынын шарттарына макул болбогон учурда, Кардар Тиркемени пайдаланууну токтотушу керек.

1.5.  Купуялуулуктун ушул саясаты Тиркемени пайдалануу аркылуу берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө карата гана колдонулат жана аны Компаниянын www.abn.kg расмий сайтына жайгаштырган мөөнөттөн тартып күчүнө кирет.

 

2.   КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ПРЕДМЕТИ

2.1.  Тиркеменин кызмат көрсотүүлөрүн кардардын пайдаланышы ушул Купуялуулук саясатына жана Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун туюндурат.

2.2.  Ушул Купуялуулук саясаты Кардардын жеке маалыматтарды берүү боюнча укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Компания тарабынан Кардар Тиркемени пайдаланууда алган анын жеке маалыматтарын пайдалануу/иштеп чыгуу/сактоо жана анын купуялуулугун коргоо режимин ачыкка чыгарбоо жана камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин белгилейт.

2.3.  Кардардын ушул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга/пайдаланууга/сактоого уруксат берилген жекече маалыматтары Кардар Тиркемени пайдаланууда Компания тарабынан берилет, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, айы, күнү жана жери, үй бүлөлук абалы, дареги, телефон номери, Кардарлардын кирешелери/чыгашалары боюнча Кардар берген маалыматтар жана маалымкаттар, Тиркеме үчун пайдаланылуучу жабдуунун түзүлүшүнүн типтери, санариптик сүрөтү, Кардардын сүрөтү менен фото-видео материалдар, кредиттик тарыхы жөнүндө маалыматтар, Кардар белген байланыш маалыматтар жана Тиркемени пайдаланууда Компаниянын башка дагы берилген маалыматтары.

3.   ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТОО ЖАНА ИШТЕП ЧЫГУУ МАКСАТТАРЫ

3.1.  Кардардын жеке маалыматтары Тиркеменин кызмат көрсөтүүлөрүнө Кардарга жеткиликтүүлүктү берүү максатында жана Тиркеменин функционалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Компания тарабынан пайдаланылат.

3.2.  Кардардын жеке маалыматтары ошондой эле банк чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана мекемелер менен маалыматтарды, кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында, жана террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө берилет. 

3.3.  Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу мөөнөтү чектелбестен Компания тарабынан, кандай болбосун мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдаланбастан жеке маалыматтардын маалымат тутумунда жүзөгө ашырылат.

3.4.  Кардардын жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте гана берилиши мүмкүн.

3.5.  Компания Кардардын жеке маалыматтарын бейукук жана капыс кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөӊ, блоктоодон, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка бейукук аракеттеринен коргоо үчүн керектүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.

3.6.  Эгер жеке маалыматтар Кардар тарабынан атайын берилген болсо, же үчүнчү жактарга Кардардын айыбы боюнча атайын эмес белгилүү болуп калса, анын ичинде үчүнчү жактарга Тиркемени (логиндерди, паролдорду берүүнү кошо) пайдалануу талаптары бузулганда Компания жоопкерчилик тартпайт.

4.   ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

4.1.  Кардар Компаниянын жеке маалыматтарын бербей коюуга укуктуу, ал үчүн Кардар Оферта Келишимин акцептөөбөгө жана Компаниянын тиркемесин пайдаланбоого тийиш.

-    Кардар Оферта Келишимин акцептеген жана Тиркемени пайдаланган учурда, төмөнкүлөргө милдеттүү:

-    Тиркеменин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу үчун керектүү жеке маалыматарды берүүгө.

-    Алар өзгөртүлгөн учурда, берилген жеке маалыматтарды жанылоо, толуктоо.

4.2.  Компания берген жеке маалыматтардын тактыгына Кардар жоопкерчилик тартат.

4.3.  Компания төмөнкү укуктарга жана милдеттенмелерге ээ:

-    Кардардын алган жеке маалыматтарын ушул Купуялуулук саясатынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана пайдалануу.

-    Купуя маалыматты жашыруун сакталышын камсыз кылуу, Кардардын алдын ала жазуу жүзүндө уруксаты жок ачыкка чыгарбоо, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү болгон жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарында белгиленген жеке маалыматтарды кошпогондо, Кардар берген жеке маалыматтарды алмашууну, жарыялоону, же ачыкка чыгарууну башка мүмкүн болуучу ыкмалар менен жүзөгө ашырбоо.

-    Колдонуудагы ишкер жүгүртүүдө мындай түрдөгу маалыматты коргоо үчүн пайдаланылуучу тартипке ылайык, Кардардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн алдын ала коопсуздук чараларын көрүү.

4.4.  Ушул Купуялуулук саясатынын 3.6-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, Кардардын жеке маалыматтарын бейукук пайдалангандыгы үчүн Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5.    ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

5.1.  Кардардын жана Компаниянын ортосунда кайсы бир доо пайда болгондо, доо талашын ыктыярдуу түрдө жөнгө салуу жөнүндө Доо ээси тараптан жазуу жүзүндөгү сунуш берүү милдеттүү болуп саналат.

5.2.  Доону алуучу доону кароонун жыйынтыгы тууралуу Доо ээсине бул доону алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.

5.3.  Тараптар макулдашууга жетишпесе, талашты андан ары жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттук тартипте жүргүзүлөт.

5.4.  Ушул Купуялуулук саясатына жана Кардар менен Компаниянын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары пайдаланылат.