Кардар-жеке жак кредит алууга берүүчү документтердин тизмеги
- а. Кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
- б. Паспорт;
- в. Активдери (айыл чарба жери, малы) болгондугу тууралуу айыл башкармалыгынын маалымкаты же активдери бар экендиги жөнүндө сүрөт, же болбосо Кардардын кирешеси же төлөө жөндөмү бар экендигин тастыктоочу башка документтер;
- г. Кардардын аялы/күйөөсү бар болгон жана кредиттин жыйынды суммасы 100 000 сом болгон учурда, нике күбөлүгү, кредит алууга жубайынын макулдугу, жубайынын паспортунун көчүрмөсү кошумча берилет.
- д. Кардардын катталган дареги менен иш жүзүндөгү жашаган жеринин даректери «Түндүк» ЕМТсынын маалыматтарына дал келбей калган учурда, жашаган жеринен маалымкат же Компаниянын кызматкери жерине барып көрүп, кол тамгасы менен күбөлөндүргөн жашаган жеринин сүрөтү кошумча тапшырылат.
Кардар – фермер чарбасы (юридикалык жак) берүүчү документтердин тизмеги
- а. Кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
- б. Түзүүчү документтердин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- в. Катталгандыгы жана салыктар менен социалдык чегерүүлөр боюнча карызы жоктугу жөнүндө КР салык кызмат органынан жана КР социалдык фондунан маалымкат;
- г. Кредит алууга юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
- д. Юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө жана кредит алууга юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- е. Айыл-чарбасы менен алектенгендигин, аз дегенде акыркы 6 ай үчүн кирешелүүлүгүн жана төлөөгө жөндөмүн тастыктоочу финансылык жана бухгалтердик документтер.
Кепилдик берүүчү менен камсыздоодо берилүүчү документтин тизмеги
- а. Кепилдик берүүчүнүн макулдук арызы;
- б. Кепилдик берүүчүнүн паспорту;
- в. Негизги кепилдик берүүчүнүн кирешесин жана төлөө жөндөмүн тастыктоочу жок дегенде акыркы 3 ай үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат, же башка документтер.
Кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздоодо берилүучү документтердин тизмеги
- а. Укук белгилөөчү/укукту ырастоочу документтер, ошондой эле техпаспорт, актылар же тизмектөө сүрөттөөлөр;
- б. Күрөөнүн тигил же предметти каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көчүрмөсү;
- в. Кыймылсыз мүлк менчиктештирилген болсо: кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү учурунда анда катталган адамдардын саны жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмдун маалымкаты жана күрөөгө коюуга алардын нотариалдык макулдугу.
- г. Күрөө кыймылсыз мүлк болгон учурда а-б пункттарындагы документтерге кошумча, камсыздандыруу полиси.
- д. Күрөө коюучу юридикалык жак болсо, күрөө коюу жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укугунун чечими берилет;
- е. Эгерде күрөө берүүчү кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда никеде турбаса, күрөө берүүчүнүн бойдок экендиги жөнүндө нотариалдык арызы.
- ж. Күрөө коюучунун аялы/күйөөсү бар болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда аны күрөөгө коюуга жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук-арызы, алардын нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен чогуу берилет, кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюуда күрөө коюучунун арызы жана жубайынын макулдук арызы.
Эскертүүлөр:- Юридикалык текшерүүнүн негизинде кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
- Кредиттик линияны ачууга документтер бир эле жолу берилет жана кредиттик линиянын келишими иштеп турган мөөнөт аралыгында колдонууда болот, маалымкаттарды жаӊылоо Кардар билген маалыматтарын өзгөртүүдө зарылдыкка жараша жүргүзүлөт.