Кредит алууга Кардар берүүчү документтердин тизмеги:
а. кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
б. паспорт;
в. жок дегенде акыркы 3 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкат, же Кардардын төлөө жөндөмүн жана кирешесин ырастоочу бизнес/иш ордунан документтер;
г. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же акыркы 3 ай үчүн колдонулган патенттин көчүрмөсү;
д. Кардардын катталган жана иш жүзүндө жашаган жеринин даректери «Түндүк» тутумунун маалыматтарына дал келбеген учурда, жашаган жеринен маалымкат же Компаниянын кызматкери жашаган жеринин барып көрүп келген жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн сүрөтү берилет.
Кыймылсыз мүлк менен камсыздоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
а. укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтер, ошондой эле техпаспорт, актылар жана сүрөттөөлөр;
б. күрөөнүн тигил же бул предметин каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан көчүрмө;
в. кыймылсыз мүлк менчиктештирилген болсо: кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү учурунда анда катталган адамдардын саны жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмдун маалымкаты жана алардын күрөөгө коюуга нотариалдык макулдугу.
г. Эгерде кардар/күрөө коюучунун никеси катталбаган болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда анын бойдоктугу жөнүндө нотариалдык арызы берилет;
д. Эгерде кардар/күрөө коюучунун аялы/күйөөсү бар болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда аны күрөөгө коюуга жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук-арызы, алардын нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен чогуу берилет,
Юридикалык текшерүүнүн негизинде кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
* Кредиттик линияны ачууга документтер бир эле жолу берилет жана кредиттик линиянын келишими иштеп турган мөөнөт аралыгында колдонууда болот, маалымкаттарды жаӊылоо Кардар билген маалыматтарын өзгөртүүдө зарылдыкка жараша жүргүзүлөт.